География:АСКАЛЫ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКАЛЫ ЧОКУСУ — Түркстан кырка тоосундагы Тала тоосунун эң бийик жери. Калаймахмуд ж-а Матчасуу (Сохтун сол куймалары) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 5621 м. Чоку пермде жиреп чыккан жегичтүү интрузия ж-а нефелиндүү сиенит тектеринен туруп, тик аскалуу.