География:АЛАШТОО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АЛАШТОО – Бабашата кырка тоосунун түш.-батыш тармагы. Майлысуу ж-а Шайдансай сууларынын аралыгында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 8 км. Орт. бийикт. 2700–3000 м, эң бийик жери 3574 м. Кыры аска-зоокалуу, капталдары кыска ж-а тик (40–50°), кокту-колоттуу. Силур, девон ж-а карбон мезгилдериндеги чөкмө тектердин (спилит, акиташ теги, конгломерат, кумдук, андезит, порфирит ж-а метаморфизмделген кристаллдуу акиташ теги) бүктөлүүлөргө дуушарланышынан пайда болгон горст-антиклиналь. Мисте бадалдуу талаа ж-а шалбаалуу талаа (1800–1900 м бийиктикке чейин), шалбаалуу жаңгак токой (2400–2900 мге чейин), субальп, альп шалбаа ж-а шалбаалуу талаа (3000–3100 мге чейин) ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.