География:АЛАРЧА КУРОРТ ЗОНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАРЧА КУРОРТ ЗОНАСЫ – Бишкек ш-нын түштүгүндөгү климаты жагымдуу аймак, шаардын четиндеги эс алуу зонасы шаардан 17–32 км аралыкта, Кыргыз Алатоосунун түн . капталындагы Аларча өрөөнүндө, 1200–2200 м бийиктикте жайгашкан. Климаты мелүүн континенттик. Кышы жумшак, январдын орт . темп-расы –4°С, жайы мелүүн, жылуу, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммдей, негизинен март – июнь айларында жаайт. Жылдык орт . салыштырмалуу нымдуулугу 60%; күн тийүү узактыгы 2600 саат. Жылуу мезгилде тоо-өрөөн шамалы согот. Климаттык шарты ж-а ландшафты климат терапияга, эс алууга ж-а туризмге ыңгайлуу. Мында ден соолукту чыңдап ж-а дарылоочу 14 мекеме (2,4 миң, орундуу), а . и . балдар санаторийи, профилакторийи, Курортология инст-нун респ . маанидеги калыбына келтирүү үчүн дарылоочу мекеме, «Советтик Кыргызстандын 20 жылдыгы» атн . кардиология санаторийи ж . б ., Ташдөбө кыш-нан 2,5 км аралыкта «Чонташ» спорт базасы (мейманканасы м-н), орто бийиктиктеги тоолордо лыжа базалары (Кашкасуу, Оробаши, Кызылбелес ж-а «Аларча» лагери жайга шка н.