География:АЛАМҮДҮН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАМҮДҮН – Аламүдүн р-нундагы суу, Чүй д-нын сол куймасы. Уз. 78 км, алабынын аянты 317 км2. Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы Аламүдүн мөңгүсүнөн башталып, жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу шар агат. Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеңейип тайыздайт. Бишкек ш-нын аралай түндүккө карай агат. Ага 33 майда өзөн куят. Ири куймасы – Чуңкурчак (19 км). Алабында жалпы аянты 0,8 км2ге жеткен 22 майда көл, 74,2 км2 келген 53 мөңгү бар. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 6,36 м3/сек; эң көбү – 300 м3/сек, эң азы – 0,74 м3/сек. Аламүдүн капчыгайынан Чүй өрөөнүнө чыга бериште (Көкжар кыш. тушта) суу бөлүштүргүч курулма курулган. Боюнан Көкжар, Ташмойнок, Бешкүнгөй, Аламүдүн кыш. орун алган. Сугатка кеңири пайдаланылат.