География:АЛАЙ КӨМҮРЛҮҮ АЙМАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАЙ КӨМҮРЛҮҮ АЙМАГЫ Алай өрөөнүнүн түн. бөлүгүндө. Аймакта Балык, Белалма, Кашкасуу, Норускөл, Көксуу ж. б. бир нече кен белгилүү. Көмүр Алай мезозой-кайнозой бүктөлүүсүнүн түн. канатында жайгашкан. Көмүрлүү катмар юра мезгилинин чөкмө тектеринин арасында жатат. Үстүн бор ж-а палеогеннеоген мезгилдеринин чөкмө тектери жаап калган. Көмүр катмарларынын калыңдыгы 0,86 мден 3,60 мге чейин. Күлдүүлүгү арбын, күйгөндө жылуулук берүү энергиясы 17,91 МДж/кг, күкүрттүүлүгү 1,6%. Кендери 1993-жылдан казып алынууда.