География:АЛАБУКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАБУКА – Алабука р-нундагы суу, Касансай суусунун сол куймасы. Уз. 58 км, алабынын аянты 225 км2. Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Жылдык орт. чыгымы 2,75 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Алабука кыш. жайгашкан.