БИРЮЗА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРЮЗА́ (персче – фирузе) – фосфаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы CuAl6[РO4]4(OH)8· 4H2O. Триклин сингониясында кристаллданат. Өӊү асман сыяктуу көгүш, көгүлтүр жашыл.

Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5–6. Салыштырма салмагы 2,6–2,8. Бирюза алюминий кычкылы менен фосфаттарга бай талаа шпаттуу тоо тектерине жер бетиндеги жез жана иондуу суулардын тийгизген таасиринен пайда болот. Чала асыл таш катары кооздук буюмдардын жасалгаларында колдонулат.