БИРИНЧИМАЙ 6

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ – Талас облусунун Бакай-Ата районундагы кыштак. Орто айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Бакай-Ата кыштагынан 28 км түндүк батыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен 80 км. Деӊиз деӊгээлинен 1027 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1928-жылы негизделген. Калкы 1461 (2002); негизинен тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана бар.