БИРИНЧИМАЙ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ – эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү. Биринчи май күнү жыл сайын жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү жөнүндө чечим 1889-жылы июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде кабыл алынган. Конгресс эмгек шарттарын жакшыртуу, жумуш күнүн 8 саатка чейин кыскартуу талабын коюп, бүткүл дүйнөдөгү жумушчулардын күчүн бириктирүү максатын колдоп, 1886-жылы Биринчи майда демонстрация жана иш таштоо уюштурушкан Чикаго (АКШ) шаарынын жумушчуларына тилектештигин билдирген. Эл аралык майрам катары алгачкы жолу 1890-жылы Австрия-Венгрия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Италия, АКШ, Россия, Норвегия, Франция, Швеция ж. б. өлкөлөрдө (Улуу Британияда 4-май 1890-жылы) өткөрүлгөн. 1917-жылдагы февраль революциясынын жеӊишинен кийин Россияда Биринчи май эркин белгиленип, көчөлөргө миллиондогон эмгекчилер «Бардык бийлик Советтерге!» деген ураан менен чыгышкан. СССРде Биринчи май тынчтык жана элдердин ортосундагы достук майрамы катары майрамдалып, 1-май 1918-жылы РСФСРдин, 2-май 1928-жылы 23-апрелде СССР БАКтын чечими менен дем алыш күнү деп жарыяланган. Кыргызстанда 1917-жылы Биринчи май Эркиндик күнү деп аталып, Ош, Пишпекте, Кызыл-Кыя, Сүлүктү көмүр кендеринде митинг, манифестациялар өткөрүлгөн. Бул майрам бүгүнкү күндө да эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү катары белгиленет.