БАТЫРКАНОВ Жээнбек Мамбетович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫРКАНОВ Жээнбек Мамбетович (05. 02. 1939-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району‚ Үч-Кайнар айылы) – экономист, экономика илимдеринин доктору (1991)‚ профессор (1992). КРдин эмгек сиңирген экономисти (2000). КМУну бүтүргөн (1964). 1957–1959-жылдары Ак-Суу районунун Кызыл-Туу колхозунда тракторчу-комбайнёр, 1964–1967-жылдары Ак-Талаа районунда колхоздун башкы экономисти, 1967–1968-жылдары ошол эле райондун айыл чарба башкармасынын пландоо-эсеп бөлүмүнүн башчысы, 1969–1976-жылдары Кыргыз ССР Айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы, 1976–1977-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунда доцент, 1978-жылдан кафедра башчысы, бир эле учурда 1978–1984-жылдары экономика факультетинин деканы, 1984–1992-жылдары институтта проректор, 1992–1995-жылдары КРдин Айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы‚ КАУда доцент‚ кафедра башчысы‚ декан‚ проректор‚ 1995-жылдан КРCУда, 1998-жылдан КГУСТАда кафедра башчысы. Чарба экономикасы жана менежмент боюнча адис. Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча 60тан ашуун илимий иштери (анын ичинен 2 монография) жарык көргөн. Медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Проблемы повышения эффективности управления сельским хозяйством на этапе перестройки экономических отношений на селе. Новосибирск, 1991; Основы предпринимательства. Б., 1997.