АНАЛИЗДИН КИНЕТИКАЛЫК МЕТОДДОРУ
АНАЛИЗДИН КИНЕМАТИКАЛЫК МЕТОДДОРУ – реакцияга кирүүчү заттардын концентрациясы менен химиялык реакциялардын ылдамдыгынын ортосундагы көз карандылыкка негизделген химиялык анализ. Мында убакыт бирдигинде реакцияга кирген баштапкы заттардын же пайда болгон продуктунун саны өлчөнөт. Аныкталуучу элементтин катализатор катары реакциянын ылдамдыгына (v) көрсөткөн таасири төмөнкү теңдеме менен туюнтулат:Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle V = kC_k C_A^\alpha C_B^\beta = {dC \over dt}} ,
мында, Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle C_k, C^\alpha_A , C^\beta_B, C^e_E} – катализатордун, баштапкы заттардын жана продуктунун концентрациялары; к – ылдамдык константы; t – убакыт. Бул методдор менен микроэлементтер жана металлдардын, куймалардын, суунун, өтө таза заттардын курамындагы эң аз сандагы кошулмалар аныкталат.