АЙЛАНДЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАНДЫРУУ, буруу – геометриялык өзгөртүүлөрдүн бир түрү. Тегиздиктин ар бир М чекитин кый­мылсыз борборунун айланасында берилген α бур­чуна карата ОМ = ОМˈ, Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle \angle} MOMˈ= α болгондой кылып Мˈчекитине чагылдыруу чекиттин айланасында буруу деп аталат. Мында О чекити өзү өзүнө чагылдырылат, α бурчу 0 дон 2π ге чейин өзгөрөт. 0°ка буруу теңдеш өзгөртүү деп аталат. α терс болгондо саат жебесинин багыты боюнча, ал эми α оң болгондо саат жебесинин айлануу багытына каршы багытта чагылдырылат. F фигурасынын ар бир чекитин айландырса, Fˈ фигурасы алынат. Ал фигуралар дал келишет, анткени бурууда эки чекиттин аралыгы сакта­лат. α = π болгондо, борбордук симметрия алынат. Бир эле борбордун айланасындагы буруулардын тобу группаны түзөт. Тик бурчтуу координаталар системасында М(х, у) чекитин координата баш­талмасынын айланасында α бурчуна карата М'(х', у') чекитине буруу төмөнкү формула аркылуу туюнтулат:

Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle \begin{cases} x' = x\cos \alpha - y \sin \alpha \\ y' = x\sin\alpha + y\cos \alpha \end{cases}}

Б.Э. Канетов.