АБДУРАХМАНОВ Мурзалы
АБДУРАХМАНОВ Мурзалы [11. 06. 1928, СССР, РСФСР, Кыргыз АССРи, Ош округу, Ноокат болуштугу, Меркит-Мүркүт айылы] − 05. 04. 2011, Кыргыз Республикасы, Ош шаары) − милициянын генерал-майору (1978). Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин эмгек сиңирген кызматкери. Кыргызстан КП БКга караштуу республикалык партиялык мектебин (1959), КПСС БКнын Алматы жогорку партиялык мектебин (1961), СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1976) бүткөн. 1948−1963-жылдары Кызыл-Кыя шаараткомунун жооптуу секретары, маданий-агартуу бөлүмүнүн башчысы, Ош облустук маданият башкармалыгынын бөлүм башчысы, Кыргызстан КП Ош обкомунун инструктору, Кыргызстан КП Көк-Жаңгак шааркомунун 2-, 1-секретары, 1963−1968-жылдары «Нарынэнергокурулуш» башкармалыгынын парткомунун секретары, 1968−1969-жылдары Кыргызстан КП Таш-Көмүр шааркомунун 1-секретары, 1969−1984,1990−1991-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1983−1990-жылдары Ош облустук адвокаттар коллегиясынын президиумунун төрагасы, 1991−2011-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгында ардагерлер кеңешин жетектеген.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1963−1967), КР ЖКнын (1990−1995) депутаты. Октябрь, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.