«ВОЯДЖЕР»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«ВО́ЯДЖЕР» (англ. Voyaqer – саякатчы) – Күн системасынын алыскы планеталарын изилдөөчү америкалык космостук аппараттар сериясы. Массасы 733 кгдай «В.-1» жана «Вояджер-2» аппараттары 1977-жылы учурулган. «Вояджер-1» – Юпитерди, Сатурнду (1979–1980), ал эми «Вояджер-2» – Юпитерди, Сатурнду, Уранды, Нептунду (1979–1989) учуп бара жаткан траекториясынан изилдөө жүргүзгөн.

