«ВИКИНГ»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«ВИ́КИНГ» (Viking) – америкалык орбиталык-конуучу станция. Ал Марс орбитасынын айланасын изилдөөчү орбиталык жана анын бетине акырын конуучу блоктордон турат. 1975-жылы «Викинг-1» жана «Викинг-2» станциялары учурулуп, конуучу блоктору 1976-жылы алгачкы ирет Марстын бетинен фототелевизиондук сүрөттөлүштөрдү жерге жиберген.