UML ДИАГРАМДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

(UML diagrams) UML диаграмдары UML унифициаланган моделдөө тилинин негизги конструктивдүү элементтери болуп саналат. UMLдеги диаграм бул чоку жана кырлары менен байланышкан граф түрүндө көрсөтүлгөн элементтердин тобунун графиктик көрсөтүлүшү. Диаграмдар түзүүчүнүн ар көз карашы менен системди визуалоо үчүн тартылат. UML деги диаграмдар тогуз типке бөлүнөт: 1)класс диаграмы; 2)обжект диаграмы; 3)прецедент диаграмы; 4)удаалаштык диаграмы; 5) кооперация диаграмы; 6) абал диаграмы; 7)аракеттер диаграмы; 8) компоненттер диаграмы; 9) жайылуу диаграмы.


UML ДИАГРАМДАРЫ.jpg