POSTSCRIPT АРИПТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(шрифттер) (PostScript fonts). PostScript барактарды баяндоо (PDL) тилинин бирдигинде баяндалган ариптер, алар PostScript ке бирдиктүү принтерлерде басып чыгарууга багытталган. Экранда чагылдырылган документ PostScript принтерине жиберилгенде принтер эгер арип болсо PostScript-версиясын колдонот. Эгерде арип болбосо, бирок PostScript- үлгүсү компьютерде орнотулса, анда арип принтерге жүктөлөт. Ал эми принтерде да, компьютерде да PostScript ариптери орнотулбаса, анда чекиттүү ариптерди PostScriptке өзгөртүү аткарылып принтер чекиттик ариптерди колдонуу менен басып чыгарат. PostScript ариптери чекиттиктерден дааналыгы, арипти жакшы көрсөтүү менен айырмаланат.


POSTSCRIPT АРИПТЕР.jpg