Чокморов Сүймөнкул
ЧОКМОРОВ Сүймөнкул (9. 11. 1939-жыл, Чүй облусу, Аламүдүн району, Чоң-Таш айылы – 29. 9. 1992-жыл, Бишкек шаары) – кино актёр жана сүрөтчү, Кыргыз ССРинин эл артисти (1975), СССРдин эл артисти (1981), Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү (1990), Ленин комсомолунун жана Кыргыз ССРинин мамлекеттик Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, төрт жолку кинематографист биримдигинин «Эң мыкты эркек ролу үчүн» дипломунун ээси (1969, 1972, 1974, 1978).
Сүймөнкул Чокморов алгачкы атайын билимди Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайында (азыркы С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайы), кийинчерээк СССРдин көркөм Академиясынын карамагындагы И. Е. Репин атындагы Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) мамлекеттик сүрөт, скульптура жана архитектура институтунда П. Ф. Фомин жана Е. И. Моисеенко жетектеген чыгармачылык өнөрканасында окуган. Нева суусу бар шаарда окуган мезгилде С. Чокморов белгилүү педагог-насаатчылардан профессионалдык чеберчиликтин негизин окуп гана тим болбостон, түрдүү өлкөлөрдүн жана доорлордун искусствосунун тарыхы менен таанышып, биринчи жолу орус, советтик жана чет өлкөлүк искусстволорунун накта шедеврлерин өлкөнүн чоң музейлери – Мамлекеттик орус музейинен, Эрмитаждан, Дүйнө элдеринин этнография музейинен көргөн. Музейлер, искусство боюнча китептер жаш сүрөтчүнү экинчи мектеби болуп калды, ал өзгөчө «Кайра жаралуу» доорундагы жана орус искусствосунун сүрөтчүлөрүнүн тажрыйбасын терең үйрөнгөн.
Ушул убакта жаш сүрөтчүнү профессионалдык кызыгуу чөйрөсү аныкталып, жеке мүнөзү калыптанган. Ал сүрөткө болгон сабактарын өзүнүн көптөгөн теңтуштары сыяктуу эле адегенде жаратылышты үйрөнүүдөн баштаган. Пейзаж, натюрморт, портрет, кистинин жигердүү иши дайым эле кооз боло бербейт, бирок жагымдуу колоритти пайда кылат. Анын пейзаждык жана жанрдык композицияларынын натура менен жандуу байланышын сезүүгө болот – «Түш маалы», «Тоолор» (1962, Г. Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейи (УКСМ), «Жайлоо кечтери» (1967, Г. Айтиев атындагы УКСМ).
«Эне» полотносунда (1967, Г. Айтиев атындагы УКСМ) балалык мээримин сездирүү менен композициялык маданияттуулук менен колорит жана бардык пластикалык чечимдерди сактоо аркылуу сыймыктануу менен чагылдырганы билинип турат. Бул полотнодо жеке балалык мезгилиндеги эстелик эмес, эң кымбат болгон эненин, өз жанын аябаган аялзаты менен байланышкан аял-эненин образын чагылдыргандыгында.
Актёрдук ишмердиги
1960-жылдардын экинчи жарымында Чокморовдун чыгармачылыгында жаңы бир багыттагы негизги окуялар пайда болот да, искусство жөнүндөгү ойлор, турмушундагы көргөн-билгендериндеги унутулгус таасирлер сүрөтчүнүн тагдырынын өзгөрүүсүнө алып келет. Алар анын жаңы багыттагы укмуштуу кинематограф-дүйнөсү менен кездешүүсү. Бул мезгил жөнүндө Совет киносунун чебери кийинчерээк Чокморов өзгөчө толкундануу менен белгилеген: «Кинематограф мага сүрөтчү катары менин дүйнө таанымдын өсүшүнө чоң түрткү берди. Анткени кино башка көркөм каражаттардын негизинде жаралат тура, кинематографисттер менен карым-катышта иштегенде эки музанын терең байланышын баамдадым. Алар бир-бирине тоскоол болбостон, кайра тескерисинче бири-бирин толуктап тургандыгын сездим. Мен үчүн кинодо иштөө бакыт, кандайдыр бир өзгөчө туңгуюктан бошонуу эле». (Өздүк сүрөт көргөзмөсүнүн 50 жылдыгына арналган каталогуна жазылган кириш сөзүнөн. Фрунзе, 1989). Ошол мезгилден баштап анын чыгармачылыгы бир-бирине тыгыз байланышкан эки линия – живопись жана кинематограф аркылуу менен бирин-бири толуктап жана байытып келген. Сүрөтчүнүн өзгөчө устатттыгы – пейзаж, портрет, натюрморт, жанрдык композиция түзгөн иштеринде байкалат. Ошол эле учурда живопистеги алган багыт-максаты аны курчап турган чындыкты аңдоо жана кайталынгыс убакыттын белгилерин чагылдыруу Чокморовдун ички дүйнөсүн ээлеп алган, анын кинематографиядагы актердук ролу жандуу чындыктын дарамети, жаркын образдуулугу каармандардын чыныгы мүнөзүн башкы жана деталдаштыруу аркылуу далилдүү түрдө ачып берүүгө жетишкен.
Анын табият тартуулаган таланты алгачкы ирет 1968-жылы режиссер Б.Шамшиевдин «Караш-Караш окуясы» тасмасындагы башкы каарман Бактыгулдун ролун аткаруусунда эле ажайып ачыкка чыккан. Сүймөнкул Чокморов буга чейин киного тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан Бактыгулдун ролун такшалган таланттуу актерлордун деңгээлинде ойногон. Ал түзгөн образ 1968-жылы Ташкент шаарында өткөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тасмаларынын фестивалында эң мыкты ойногон роль катары таанылган. «Караш-Караш окуясы» тасмасына удаалаш Данияр («Жамийла», 1969-жыл), Хожаев («Атайын комиссар», 1970-жыл), Карабалта(«Касиеттүү Ысык-Көл», 1971-жыл) Азат («Улан», 1977-жыл) жана башка тасмаларда негизги ролду ойногон. Анын экинчи белгилүү ролу өзбек киносундагы «Жетинчи ок» тасмасындагы милиция отрядынын командири – Максумовдун образы. Бул тасмада Максумов (Сүймөнкул Чокморов) баштан аяк басмачылар менен кармашат. Мына ушул окуяларды тартуу учурунда актерго эчен татаал эпизоддорду (атчан жыгылуу, сууга секирүү өңдүү) дублерсуз аткарууга туура келгендиктен анын таң калаарлык чыдамкайлуулугу жана ат үстүндө эң мыкты жүрө билиши экранда ишенимдүү мүнөзгө ээ болуучу образды жаратканга көмөкчу болгон. Ал эми режиссер-коюучу Төлөмүш Океевдин «Көк-жал» тасмасындагы татаалдыгы, терең психологиялуулугу менен өзгөчөлөнгөн Ахангулдун образын табиятынан таланттуу Сүймонкул Чокморов гана терең ачып берген. Дүйнөлүк кинематографиянын эң көрүнүктүү чеберлеринин бири Япониялык режиссер Акира Куросаванын «Мосфильм» студиясында койгон «Дерсу Узала» кинокартинасындагы токой каракчылары менен күрөшүүчү отрядды баштаган чынчыл, ак пейилдүү адам – Чжан Баонун ролун ойногонго Сүймөнкулду чакырышы анын актерлук талантын баалагандыктан, ага карата болгон зор ишеним болгон.
Живопистик чыгармачылыгы
Чокморов чыгармачылыгындагы тандап алган темасын ишке ашырууда жигердүүлүк менен талыкпастан таасирдүү жаңы образдык каражатты изилдөөгө аракет жасайт жана образдагы идеялуулук мазмундун формалдуу мүмкүнчүлүгүн ачып берүүгө көңүл бурат. Анын иштери ар дайым республикалык, бүткүл союздук жана чет элдик көргөзмөлөрдө коюлуп турган. Алар: 24-Республикалык көркөм-сүрөт көргөзмөсү (1960, Фрунзе), «Латвиядагы Кыргыз маданиятынын күндөрүндөгү» Кыргызстан көркөм-сүрөт искусствосунун көргөзмөсү (1969, Рига), «Жер жана адамдар» деген темадагы республикалык көркөм-сүрөт көргөзмө (1971, Фрунзе), СССРдин 50 жылдыгына арналган Бүткүл союздук көркөм-сүрөт көргөзмөсү (1972, Москва), «Швециядагы СССРдин маданият күндөрүн аткаруу алкагында» Кыргызстан сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү (1978, Стокгольм), «Даниядагы СССРдин маданият күндөрүн аткаруу алкагында» Кыргызстан сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү (1979, Копенгаген), «Биз коммунизмди курабыз» деген темадагы Бүткүл союздук көркөм-сүрөт көргөзмөсү (1981, Москва) жана башкалар.
Сүрөтчүнүн «Менин уулум» (1972, Г. Айтиев атындагы УКСМ) деген эң мыкты полотносун алсак, анда сейрек кездешүүчү живопистик жөндөмдүүлүк менен чагылдыргандыгы көрүнүп турат. «Эне» темасына арналган картинасында кишинин жана турмуштун үзгүлтүксүз кырдаалы адамдын жашоого болгон эмгек сыяктуу түбөлүктүү мааниси композициянын бүтүндүгүн, пластикалык жактан ачыктыгы эне менен баланын образдары живопистик жогорку деңээлде бүткөрүлгөн. Чокморовдун бул полотнону жазуудагы эмгеги мурун да кийин да живопистик каражат аркылуу талдабастан эркин жараткандыгында. Бул жерде ал колористик гамманын жылуулук оттенкасынын, анын вариацияларынын охра өңдүү, ачык-күрөң, ачык-кызгылт өңдөрүнүн жалпылыгын чагылдырат.
Алгачкы чыгармаларына жанрдык синтездештирүү мүнөздүү. Мисалы, натюрморт жана портрет – «Натюрморт менен бирге автопортрет» (1972, Г. Айтиев атындагы УКСМ), «Устаканада» (1973, Г. Айтиев атындагы УКСМ). Эгерде живопистик жабыштырып жасоо иштери жетиштүү даражада аягына чыкпай калса, анда андагы эсепке алынбаган нерселер сөзсүз түрдө живопистик форманын түзүмүндө тондордун гармониялуу колоритинин бүтүндүгү сезерлик даражада берилген.
Философиялык ой жүгүртүү боюнча караганда холсттору өзгөчө ар башка композициялык-пластикалык негизде чечмеленген – «Чон-Таш жергесинде» (1972, Г. Айтиев атындагы УКСМ), «Балалык короосу» (1976, Г. Айтиев атындагы УКСМ) чыгармаларында Чокморов балдардын дүйнө таанымындагы чөйрөнүн өзгөрмөлүүлүгүн жана алардын аң сезиминин калыптанышын бир канча катмарлар менен салыштыруу аркылуу берет.
Учурда Г. Айтиев атындагы Улуттук музейде сакталган «Арноо. Саякбай Каралаев» (1974) полотносу живописчинин чыгармачылыгы бышып жетилгендигин даңазалап турат. Анын моделдери негизинен чыгармачыл адамдар болгон. Ал белгилүү Манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн эки жолу тартып, динамикалуу, таланттуу акындын образын ийгиликтүү жараткан (С. Каралаев. Портрет, 1971, 1974-жыл,). Ошондой эле актёр Советбек Жумадыловдун (1971), Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жанкорозованын да сүрөттөрүн жараткан (1973).
С. Чокморовдун чыгармачылыгындагы эң маанилүүсү – бул чет өлкөлөрдөгү атактуу кино ишмерлери менен кезигүүсүндө, япон кинорежиссёру Акира Куросава жана актёр Тосиро Мифуненин, итальялык актриса Моника Виттинин сүрөттөрүн тартканы.
Сүймөнкул Чокморовдун артында 400дөй живопись эмгектери жана 20 тасмада жараткан эң мыкты образдары калды. Анын негизги сүрөт чыгармалары Кыргыз Мамлекеттик искусство жана сүрөт музейинде сакталган.
Сыйлыктары жана наамдары
· Орто Азия жана Казакстандагы VIII кинематографисттер кароо-сынагынын «Караш-караш» кино тасмасында эң жакшы эркек ролун аткаргандыгы үчүн диплом (1969-жыл, Алма-Ата шаары);
· «Актёрдук эмгеги үчүн» бүткүл союздук кинофестиваль номинациясынын лауреаты (1972-жыл);
· «Биринчи актёрдук эмгеги үчүн» бүткүл союздук кинофестиваль номинациясынын лауреаты (1974-жыл);
· «Актёрдук эмгек үчүн сыйлыктар» бүткүл союздук кинофестиваль номинациясынын лауреаты (1978-жыл);
· Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты («Улан» тасмасына катышкандыгы үчүн, 1980-жыл);
Сүймөнкул Чокморовдун ысымы Бишкек шаарынын бир көчөсүнө берилген. 2005-жылы ага арналган почта маркасы чыгарылып, 2009-жылы 5000 сомдук акча купюрасында С. Чокморовдун элеси түшүрүлгөн.
Б.Д. Будайчиевдин «Суйменкул Чокморов» деген китебинен алынды.