ЧУЙКОВ Семён Афанасьевич
ЧУЙКОВ Семён Афанасьевич (17 [30]. 10. 1902-жыл, Пишпек, Жети-Суу – 18. 5. 1980-жыл, Москва шаары) – сүрөтчү, живописчи, СССРдин эл сүрөтчүсү (1963), кыргыз көркөм-сүрөт искусствосунун негиздөөчүсү, СССР сүрөт академиясынын Алтын медалынын ээси (1980).
Өмүрү жана чыгармачылык жолу
С. А. Чуйков аскер кызматчысынын үй-бүлөсүндө туулган. 1918–1919-жылдары Верный шаарында (азыркы Алматы) мугалимдик семинарийде окуган, 1920–1921-жылдары Ташкент шаарындагы сүрөт мектебинде, 1924–1930-жылдары Москвадагы Роберт Фальканын өнөрканасында билим алган.
1930–1932-жылдары Ленинград шаарындагы пролетардык көркөм-сүрөт искусства институтунда (азыркы И. Е Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институту) сабак берип иштеген.
Чуйков Верныйда окуп жүргөндө анын чыгармачылыгынын калыптануусунда бир топ роль ойногон, жашоосундагы биринчи «тирүү» сүрөтчү Н. Г. Хлудов менен жолугушат. Бирок сүрөтчүнүн искусство дүйнөсү менен алгачкы таанышуусу Пишпек шаарында болгон. Бир жолу солдаттардын клубундагы кечелердин биринде, спектакль башталардын алдында, сахнадан табият көрүнүшү тартылган көшөгөнү көрөт. Андагы сүрөттө жылдыздар жымыңдаган капкараңгы түндү көрүнүшү чагылдырылган болчу. Алардын арасында кең дарыянын эңкейиш жээгинде жайгашкан кичинекей кыштакка ай жарык чачып турган. Ал кезде жаш Чуйков көшөгөгө орус элинин көрүнүктүү сүрөтчүсү А. И. Куинджинин «Украина түнү» деген чыгармасы түшүрүлгөнүн билген эмес эле. Бул сүрөттөн алган таасир ушунчалык күчтүү жана терең болгондуктан, бала айланасын такыр унутуп, бул кооз түндүн жомок дүйнөсүндө көпкө отурат. Болочок сүрөтчүнүн жашоосундагы өзгөчө бурулуш болгон искусство менен экинчи унутулгус жолугушуу да Верный шаарында, башталгыч мектепте болуп өткөн.
Күндөрдүн биринде ал кезектеги сүрөт сабагына келгенде, жанында олтурган классташынын баладай баеолук менен айланасындагы жашыл бак-дарактар өскөн көк көлмөнүн кичинекей акварель «көрмөсүн» тартканын байкайт. Бирок кичинекей Чуйковду сүрөттүн өзү эмес, кагаз бетинде боек менен агылып тартылган суунун жана дарактын жалбырактарынын жандуудай сезилгендиги таасирлентет. Анан ал акварель менен чоңдордун жардамысыз тарткан досуна көпкө чейин ишене албай турат. Досунун бир нече түшүндүрмөлөрүнөн кийин гана балада аны курчап турган нерселердин бардыгын боектордун жардамы менен тартууга жана жазууга биротоло кызыгуу пайда болот.
Ал башынан өткөргөн экинчи «толкундануудан» кийин, мектептке сүрөт тартуу сабагын милдеттүү жана көңүлсүз сабак катары эмес, ага олуттуу кызыгуу менен мамиле жасап калат. Ошол убактан, башкача айтканда, Чуйков 12-13 жашынан баштап көрүнүштү дайыма акварель менен, ал эми 14 жашынан тарта май боек менен тарта баштайт.
Чуйковдун алгачкы чыгармачылыгынын эң көрүнүктүү өзгөчөлүгү – анын туулуп-өскөн жеринин жаратылышынын жана эл турмушунун ошол эле күүсүн берүүдөгү сейрек кездешүүчү туруктуулугу жана тырышчаактыгы болуп саналат.
Узак чыгармачылык жолунан кийин Чуйков: «Жаш кезимде бул нерсени кантип жактырып калганым азыркыга чейин түшүнүксүз. Кээде өзүмө да таң калчудай сезилет: анткени эч нерсеге кызыкчу эмесмин. Ал кезде менде чыгармачылык деген түшүнүк жок болчу, чыныгы сүрөтчүлөрдү билчү эмесмин жана алардын чыгармаларынын түп нускасын көргөн да эмесмин. Сүрөтчүлөр жөнүндө мен китептерден гана түшүнүк алгам. Сүрөтчү дайыма изденүүдө болуп, бир нерсеге катуу берилип, курчап турган дүйнөдөн кооздукту эле эмес, сулуулукту да көрүшү керек деген түшүнүк менде болгон да эмес», – деп моюнга алган (автордун С.М.Чуйков менен болгон маегинен. 1972). Бул сөздөр Чуйковдун өспүрүм кезинде эле эл турмушуна болгон көз карашы канчалык олуттуу жана ошол кезде эле анын чыгармачылыгы канчалык максаттуу болгонун айгинелейт.
1933-жылдан баштап анын бүтүндөй чыгармачылык жолу Кыргызстан менен байланышта өтөт. Ал көркөм сүрөт музейин түзүп, анын биринчи фондуларына Москванын жана Ленинграддын музейлери белгилүү орус жана советтик сүрөтчүлөр: К. Коровин, Н. Рерих, В. Тропинин, Верещагин жана башкалардын ондогон чыгармаларын өткөрүп беришет. 1935-жылы республикада сүрөт студиясы ачылып, анын базасында 1939-жылы искусство мектеби ачылган, ал бүгүнкү күндө С.А.Чуйковдун ысымын алып жүрөт.
Сүрөтчүнүн жаш кезинен тартып эле сүрөт тартууга жана эскиздерге болгон зор кызыгуусун анын 1918–1920-жылдардагы студенттик альбомдору далилдеп турат, алардын барактары сүрөттүү этюддардагыдай эле мотивдер менен толтурулган. Альбомдордо кыймылдуу мүнөздөгү жүздөрдү чагылдырган элдик типтеги эскиздерге олуттуу орун берилген. Көбүнчө бир нече айкын, бирок дагы эле так эмес сызыктар баштын жалпы контурун көрсөтөт, андан кийин көздүн, мурундун жана ооздун сызыктарынын орду жана көрүнүшү аныкталат. Жеңил боек калем менен моделдин пластикасы жана ченеми баса белгиленет. Сүрөттөр жана чиймелер сүрөтчүнүн сүрөттөлгөн адамдарга болгон симпатия сын көрсөтөт, бирок алардын бардыгы эле мүнөздөмөлөрүнүн тереңдиги менен айырмаланбайт.
Ийгиликтүү эмгектердин ичинен чакан «Автопортретти» (1919, С.А. Чуйковдун альбомунан) белгилей кетүү керек. Көрүүчүнү азыр да толкунданткан алгачкы этюддардын мыкты өзгөчөлүктөрү
С. Чуйковдун кийинки чыгармачылыгында улантылды. Живопистик форма өзгөчө өнүгүүгө жетип, ал өркүндөп, композицияда жана сүрөттө, пластикада жана түстө чыныгы улуттук өзгөчөлүктөргө ээ болду. Аларда залкар сүрөтчү өзүнүн Кыргызстанынын жаратылышынын улуулугун, кыргыз элинин руханий турмушунун өзгөчөлүгүн терең жана туура чагылдырган. Бул мезгилде С. А. Чуйков али ВХУТЕМАСта (Бүткүл союздук көркөм-техника өнөрканасы) окуп жүрсө дагы, ал Кыргызстандагы маданий курулуштун ийгилигине, айрыкча искусствого кызыгып турчу. Жайында туулган жерине келген С. Чуйков В. В. Образцованын кружокторуна, сүрөтчүлөрдүн өнөрканаларына тез-тез барчу. Кыргыз изостудиясынын студенттеринин чыгармаларын талкуулоого катышып, сүрөт жана композицияны окутууда методикалык жардам көрсөтчү.
Сүрөтчүнүн биринчи жеке көргөзмөсү 1938-жылы Москвада өткөн. Сүрөтчү чыгармачылыгын улантып, 1939-жылы Москвадагы Жазуучулар үйүндө чыгармаларынын экинчи жеке көргөзмөсүн өткөргөн.
1950–1960-жылдары ал көп саякаттаган: Индия, Италия, Франция, Греция, Болгария өлкөлөрүнөн ар кандай эскиздер түрүндөгү бай материалдарды, мисалы, Кыргызстандын менен Индиянын элине жана жаратылышына арналган жанрдык сүрөттөр жана пейзаждарды («Индиянын карапайым калкы жөнүндө» триптих, 1957–1960) алып келген.
1950-жылдардын аягы 1960-жылдардын башында С. А. Чуйков «Биздин Кыргызстанда» деген жалпы аталыштагы живопистик эмгектердин чоң сериясын тартууга киришкен. Серияга жыйырмага жакын пейзаждык жана портретик сүрөттөр кирет. Пейзаждык жана жанрдык сүрөттөрдүн ичинен эң маанилүүлөрү катары сүрөтчүнүн жашоону философиялык жактан чагылдырууга умтулган «Кыргызстан гүлдөрү» (1962), «Тянь-Шань тоолорунда» (1965), «Айылдагы кеч» (1969) деген эмгектерин белгилей кетүү керек. Анын «Койчунун кызы» (1956), «Окуучу кыз Каниза» (1965), «Кыргыз кызы» (1966) жана башка портреттик композицияларында образдуулукка, боёктун таасирдүүлүгүнө болгон талыкпаган эмгегин сезүүгө болот.
1947–1948-жылдары В. И. Суриков атындагы Москва искусство институтунда сабак берген.
Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзунун уюштуруу комитетинин төрагасы (1933), Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы (1934–1937, 1941–1943). СССР Көркөм академиясынын анык мүчөсү (1958). СССР художниктер союзунун мүчөсү болгон.
Сыйлыктары жана наамдары
· СССР Сүрөтчүлөр академиясынын алтын медалы (1980)
· Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгы (1972)
· Ленин ордени (1972)
· Джавахарлал Неру атындагы премия (Индия, 1967)
· РСФСРдин эл сүрөтчүсү (1958)
· Эмгек Кызыл Туу ордени (1958)
· Брюсселде өткөн эл аралык көргөзмөнүн алтын медалы (1958)
· «Ардак белгиси» ордени (1938)
Чыгармалар коллекциясы
· Мамлекеттик Третьяков галереясы, Москва («Советтик Кыргызстандын кызы»).
· Мамлекеттик орус музейи, Санкт-Петербург.
· В. И. Суриков атындагы Краснояр мамлекеттик көркөм музеи, Краснояр.
· Г. Айтиев атындагы улуттук искусство музейи, Бишкек.
Бишкек шаарында С. А. Чуйковдун Үй-музейи, С. Чуйков атында Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайы ачылган жана шаардын бир көчөсүнө аты берилген.