ТАШ-РАБАТ
ТАШ-РАБАТ Кошой-Коргон шаарынын (орто кылымдардагы Ат-Баш шаары) урандыларынын түштүгүнөн 70 км жерден орун алган. Ал Таш-Рабат суусунун жээгинде (Кара-Коюн суусунун оң куймасы) Ат-Башы кырка тоолорунун бир чоң капчыгайында турат.
Курулушу дээрлик чарчы келип, узундугу 34,8 метр, туурасы 32,4 метр. Эстеликтин төрт тарабы дүйнө багытын каратып салынган. Маңдайкы бети чыгышты карайт. Имарат тоо бетиндеги жасалма аянтка курулган. Фундаменти уюлма топурак катмарга кирип турат, терендиги 0,2–2 метр. Бүт бет маңдайын, дарбаза-эшик түркүктөрүн кыдырата таш тектирче өтөт, анын туурасы 0,65–0,85 метр, бийиктиги 0,6–0,8 м. Чоң коридорунун эки четинде, ортоңку залынын терт дубалын кыдырата, ошондой эле башка имараттары менен коридорлорунун бир топ жеринде да таш тектирче бар. Чоң коридору менен залынын астына жалпак таш төшөлгөн, калган имараттары менен коридорлорунун асты жер. Бөлмөлөрүнүн планы жана өлчөмү мурдагы авторлордун эмгектеринен белгилүү болгон маалыматтардан башкачараак. Бул жагынан 9-бөлмө бөтөнчөлөнүп турат. Ал тегерек чатырлуу имарат, 20-бөлмө чоңураак, ага ортоңку залдан 19-бөлмөнү аралап кирет. Эстеликтин планы менен өлчөмүндөгү ушундай туура келбестиктер анын башка бөлүктөрүнө да мүнөздүү. Залынын астынан, 23–27-бөлмөлөрдөн чопо олтурулган ороолор табылган. 27-бөлмөдөгү ороо сүйрөлжүн, анын диаметри 0,9 метр, тереңдиги 2,7 метр. 23-бөлмөдөгү ороонун тереңдиги 4,2 метр, диаметри 1,2 метр, бирок али түбүнө чейин тазаланып бүтө элек. Ушул эле имаратта өлчөмү 0,95 х 0,83 келген чарчы тешиктүү жертөлө бар. Залдын ортосунда (18-бөлмө) терең ор бар. Ал ортосу тешик, чарчы жалпак таш менен жабылган.
Орто кылымдарда Борбордук Азияда курулган архитектуралык эстеликтердин арасынан Нарын облусунда жайгашкан айтылуу Таш-Рабат тарыхый комплекси эң уникалдуу деп эсептелинип келет. Себеби, Таш-Рабатка окшош чоң, архитектуралык курулуш ыкмасы татаал эстелик бүтүндөй Азия аймагында жок. Жалаң жалпак таштардан салынгандыктан ал Таш-Рабат аталып бүгүнкү күндө дүйнө элинин туристтерин кызыктырган уникалдуу жайга айланган. Таш-Рабат деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте, Нарын облусунун Ат-Башы районунун борборунан 70 километр алыстыкта, Тянь-Шань тоолорунун арасындагы Кара-Коюм капчыгайында жайгашкан.
Таш-Рабатта Борбордук Теңир-Тоо аркылуу өткөн Улуу Жибек жолундагы кербенчи-саякатчылар жана башкалар тейленген. Таш-Рабат жөнүндө алгачкы жолу XVI кылымдын 2-жарымында Мухаммед Хайдар эскерип, эстелик 1408–1816-жылдары курулган деп эсептейт.
Орто кылымдарда Улуу Жибек жолунда Таш-Рабат чеби кербен-сарайдын кызматын аткарып, соодагерлер менен саякатчылардын дайыма токтоп өтүүчү жайы болгон. Таш-Рабат ошол алыскы мезгилде Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырып турган соода жолунда жайгашкан. Мергенчилер менен малчылар үчүн бул таш сарай адаттан тышкары курулуш болуп, ал жөнүндө ар кандай байыркы уламыштар айтылган.
Таш-Рабатты окумуштуулар IX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында гана жакшылап изилдей башташкан. Алар бул комплекстин маданий жагын жана анын эмне үчүн курулгандыгын ар түрдүү жорушат. Айрымдары Таш-Рабаттын курулушу орто кылымдын акырына туура келет дешсе, башкалары муну X–XI кылымдарда курулган христиандык несториандык монастырдын урандылары деп айтышкан.
1980-жылы өлкө үчүн өзгөчө тарыхый мааниси бар бул маданий эстеликти реставрациялоо жүргүзүлгөн. Реставрациядан кийин ага ар түрдүү өлкөлөрдөн туристтер тынбай келе баштады.
Архитектурасы
Кербен сарай жонулган таштардан ылайга олтургузуп тургузулган имарат. Анын маңдай жагы (фасады) чыгыш тарапка каратылып, чарчы формада курулган. Имараттын бийиктиги 20 метрдей, тик бурчтуу формадагы кумпалуу (купол) 31 бөлмөдөн турат.
Бөлмөлөр үч топко бөлүнөт:
коридор;
коридордун эки тарабындагы бөлмөлөр;
залы жана анын тегерегиндеги бөлмөлөр.
Коридордогу биринчи эшик аркылуу үч кароол үйгө өтөт. Дубалдын чыгыш тараптагы бурчтары мунаралар менен бекемделген. Имараттын негизги залына узун коридор аркылуу кирет. Коридордун эки жагында бөлмөлөр бар. Залы имараттын батыш тарабында, ортодо жайгашып (узундугу 9,32 м, туурасы 8,35 м), бөлмөлөр жана кичи залдар менен байланышкан. Анын төбөсү диаметри 9,30 м болгон кумпа (купол) менен жабылган. Имараттын бөлмөлөрү жана кумпа алебастр менен шыбалып, геометрикалык оймо-чиймелер менен кооздолгон. Бөлмөлөр төбөсүндөгү көзөнөктөр аркылуу жарык менен камсыздалган. Бөлмөлөрдүн төбөлөрү да арка сыяктуу жарым шар формасында жабылган.
Биринчи жолу Таш-Рабат жөнүндө Мухаммед Хайдар эскерет. Өзүнүн «Тарих-и Рашиди» деген кол жазмасында бул эстеликтин өзгөчө жактарын көрсөтөт. Ал Таш-Рабаттын архитектуралык курулушу менен дал келет. Ошондой эле Мухаммед Хайдар аны Кашмирдин ушул сыяктуу эстеликтерине салштырат. Эстеликти ал 1408–1416-жылдары Могулстанды башкарган Мухаммед хан курган деп эсептейт. Бирок Таш-Рабаттын ордун так көрсөткөн эмес. Казактын көрүнүктүү илимпозу Чокан Валиханов Кашкардан кербен менен келе жатып, 1859-жылы Таш-Рабатты көрүп кеткен. Анын өз эмгегинде мындай деп эскерген жери бар: «Имарат чополуу сланец жалпак плита таштардан курулган, узундугу 12, туурасы 7 саржанча келет. Узун коридордон улай тегерек зал (радиусу 5 кез), үстү тоголок болуп кетет. Коридордун капталдарында кичинекей жапыз эшиктери бар, алардан чарчы жана сүйрү келген чакан бөлмөлөргө өтөт. Бул имарат бир кезде сыртынан да, ичинен да шыбалса керек». Андан ары ал имараттын ичинин ар кайсы жеринде араб жазуусу сакталып калгандыгын, жергиликтүү калктын айтымына караганда эстеликте 40-41 бөлмө бар экендигин, бул имарат кыргыздар үчүн сыйынуу жана курмандык чалуу жайы болгондугун жазат. Таш-Рабатты XIX кылымдын экинчи жарымында орус окумуштуулары Н. Северцов, Ф. Остен-Сакен, А. Фетисовдор көрүп чыгып, тарыхый эстелик катары жогору баа беришкен.
Бул эстеликке 1894-жылы Ат-Башы өрөөнүндө болгон орустун көрүнүктүү чыгышты изилдөөчүсү В. В. Бартольд да көнүл бурган, бирок ал эстеликти өз көзү менен көрө алган эмес. Ошондой болсо дагы, анын 1897-жылы басылып чыккан «Отчет о поездке в Среднюю Азию с научной целью» деген эмгегинде эстеликтин эки сүрөтүн берген. В. В. Бартольд «Очерк истории Семиречья» деген эмгегинде Мухаммед Хайдарга таянып, бул курулуштун салынышын ислам дининин таратуучусу Мухаммед ханга таандык кылып жазат.
Бул тарыхый курулушту толук иликтөө советтик доорго туура келет. Тенир-Тоонун башка байыркы эстеликтери менен катар 1937-жылы Б. М. Зиманын жетекчилиги астындагы экспедиция Таш-Рабатты да изилдеп чыгат. Ошондой эле бул тарыхый эстеликти 1944-жылы А. Бернштамдын жетекчилиги астында «Тянь-Шань-Алай археологиялык экспедициясы» да иликтейт. 1950-жылы анын «Архитектурные памятники Киргизстана» аттуу китеби жарыкка чыгып, бир главасы Таш-Рабатка арналган. Ал эстеликти кербен сарай деп эсептөө менен бирге имараттын архитектурасына көчмөндөрдүн күчтүү таасири тийгендигин айткан. «Таш Рабаттын жабуусун карап турганда, - деп жазган ал, - өзүнчө бир жасалгалуу чоң боз үйдү тегеректеген, көчмөндөрдүн таш болуп катып калган айылы сыяктанган элес көз алдындан кетпей калат».
Кыргыз ССР Маданият министрлигинин илимий-реставрациялоочу өндүрүштүк мастерскойлору эстеликти калыбына келтирүү максатында архитектуралык-археологиялык жактан аны кенири изилдешет. Үч жыл (1978–1980) ичинде алынган материалдар эстеликтин жалпы мүнөздөмөсүнө кеп жаңы ойлорду кошту.