МУЗЫКАЛЫК ТЕКСТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

МУЗЫКАЛЫК ТЕКСТОЛОГИЯ (латынча textus – байланыш, кошулуу; грекче logos – сөз, билим) - композиторлордун кол жазмаларын, көзү тирүү кезинде жарык көргөн чыгармаларын изилдеп үйрөнгөн музыкалык тарыхый илим; музыка таануу илиминин бөлүгү. Музыкалык текстология негизинен экиге бөлүнөт: бири музыкалык чыгармаларды басып чыгарууга даярдаса, экинчиси анын жаралыш тарыхын үйрөнөт, изилдейт.