МУЗЫКАЛЫК КООМДОР
Jump to navigation
Jump to search
МУЗЫКАЛЫК КООМДОР - адис музыканттардын жана ышкыбоздордун музыкалык көркөм өнөрүнүн үйрөнүү, изилдөө жана, таратуу максатын көздөгөн бирикмелери, шериктештиктери. Музыкалык коомдордун эл аралык, улуттук, региондук жана башка түрлөрү кезигет. Музыкалык коомдордун эң алгачкы түрү Италиядагы академиялар, Германиядагы музыкалык коллегиумдар болгон. Бүгүнкү күндө «Азыркы музыканын эл аралык коому», «Музыка фольклорунун эл аралык кеңеши» жана башкалар бар. Көпчүлүк коомдор ЮНЕСКОнун Эл аралык музыкалык коомунун курамына кирет.