МОРДЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

МОРДЕНТ (латынча mordent – тиштөө, чымчуу) – музыкалык обонду кооздочу мелизмдердин бири. Үч добуштун тең аткарылышын көрсөтөт. Мордент белгиси нотанын үстүнө жазылат. Мордент адатта негизи, үстүңкү же төмөнкү баскычтагы жардамчы жана негизги добуштардан турат. Мордент жалгыз жана кош болуп экиге бөлүнөт. Кош мордент эки жолу аткарылат.