МЕНЕСТРЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

МЕНЕСТРЕЛЬ (латынча ministerialis кызмат кылуу, кызматта туруу) – орто кылымдарда Францияда, Англияда ири ак сөөктөргө кызмат кылган музыкант. Менестрель бир эле мезгилде ырчы, аспапта аткаруучу, акын жана көркөм окуучу адис болгон. Шаарларда жашаган менестрелдер шериктештиктерге биригип, мектептерди түзгөн.