МАССАЛЫК ЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

МАССАЛЫК ЫР - мазмуну, эстетикалык татыктуулугу, обондук таасирдүүлүгү, түшүнүктүүлүгү боюнча кеңири эл катмарынын сүйүп, эңсеп ырдаган ырларына айланган вокалдык чыгармалар. Адатта массалык ыр мезгилдин урунттуу, курч маселесин камтыйт да, калың элдин оюн, мүдөөсүн, тилегин чатылдырат (мисалы, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги «Катюша», «Ыйык согуш» жана башкалар).