ЛИРИКАЛЫК ОПЕРА
Jump to navigation
Jump to search
ЛИРИКАЛЫК ОПЕРА (французча opera lyrigue - лирикалык опера) – XIX кылымдын экинчи жарымында Францияда пайда болгон опера жанры. Лирикалык опера жаралышы жөнөкөй кишилердин ой-сезимине, күндөлүк турмушуна болгон кызыгууга, реалдуу жашаган каармандардын кейпин жаратууга болгон аракетке жана романтикалык опера жанрынын кризисине байланыштуу. Лирикалык операнын музыкалык тили өтө жөнөкөй, ал күндөлүк турмушта пайдаланылган обон-күүлөргө таянат. Лирикалык операнын ыр, романс, бий, марш жанрлары башкы драматургиялык орунду ээлеген. Лирикалык опера үогүлөрү катары Т. Бизенин «Бермет издөөчүлөр», Ш. Гунонун «Фауст» сыяктуу чыгармаларын көрсөтүүгө болот.