ЛАУРЕАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ЛАУРЕАТ (латынча laureatus – лавр жыгачынан жалбырактарынан жасалган гүлчамбарга татыктуу болгондор) – 1. Байыркы гректер менен римдиктердин айтыштарында жеңген лавр түрмөгү (гүлчамбар) менен урматталган адам. 2. Өкмөттүк, эл аралык сыйлыктарга татыктуу болушкан ар кандай кесиптин ээлери (мисалы, жазуучу, композитор, артист, окумуштуу жана башкалар). 3. Чыгармачыл жана башка кесиптердин кароо-сынактагы жеңүүчүлөрү.