КУЛМАНБЕТОВ Жаныш Осмонович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

КУЛМАНБЕТОВ Жаныш Осмонович (1. 1. 1955-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын (мурунку Тянь-Шань) району, Миң-Булак айылы) – драматург жана прозаик, кино жана театр режиссёру, театр таануучу жана театр сынчысы, котормочу, журналист, культурология кандидаты (PhD), Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (2021), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995).

КУЛМАНБЕТОВ ЖАНЫШ

Өмүр таржымалы

Ж. Кулманбетов 1972-жылы туулуп-өскөн айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга тапшырып, аны 1974-жылы «Драма жана киноактёр» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. 1975–1982-жылдары Ташкент шаарындагы А. Н. Островский атындагы театралдык-көркөм институтунун алгач актёрдук факультетинде, үчүнчү курстан театр таануу бөлүмүндө окуп, аны да артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1982–1985-жылдары «Кыргызстан маданияты» гезитинин искусство бөлүмүндө кызмат кылган. Кийинчерээк ар кайсы республикалык массалык маалымат каражаттарында Жаныш Кулмамбетовдун театрлаштырылган очерктери, сын пикирлери жарыяланып турган. 1989–1992-жылдары Бүткүл союздук искусство таануу илим изилдөө институтунун аспирантурасында окуган. Жазуучулук ишмердиги менен эле катар Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театр студиясында (кийин – училище), 1992-жылдан Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда театр тарыхы жана драма теориясынан сабак берген. Ж. Кулмамбетов 1985–1999-жылдары Кыргызстандын Маданият министрлигинин биргелешкен репертуар жана редакциялык коллегиясынын башкы редактору болуп иштеген. 1988–1989-жылдары Кыргыз ССР Театр ишмерлер союзунун төрагасынын орун басары болгон. 1992-жылы Москва шаарынан келгенден кийин жеке менчик «Жайсаң» театрын түзүп, аны 1993-жылга чейин жетектеген. 1993–1996-жылдары Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына караштуу театр окуу жайында, Бишкек шаарынын жогорку милициялык мектебинде окутуучу, 1995–1996-жылдары «Нуска», 1996–1997-жылдары «Асаба» гезиттеринин кабарчысы болуп иштеген. 1997-жылы «Кыргыз-Караван» маалымат-басма жана маданий-көңүл ачуу борборун негиздеп, 2000-жылы жубайы, актриса Махабат Байгабылова менен биргеликте кызынын аты ыйгарылган өзүнүн «Адеми» театрын түзгөн. Ошондой эле теле (2004) жана радио берүүлөрдү (2006) алып барган. 2007-жылы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында башкы редактор, 2006–2010-жылдары «Манас» радиосунун «Театр дүйнөсү» берүүсүнүн автору жана алып баруучусу катары ЮНИСЕФ менен Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын биргелешкен билим берүүчү «Керемет көч» (Сыйкырдуу көчмөн) аттуу эл аралык теледобоорунун биринчи кыргыз балдар анимациялык телесериалында редактор жана котормочу болуп иштеген. 2005-жылы Кыргыз драматург жана театр таануучулар союзунун президенти жана Кыргызстан театр ишмерлери союзунун биринчи вице-президенти, 2013-жылдын сентябрында анын президенти болгон. 2019-жылдын февралында кайра шайланган. Көптөгөн монографиялардын автору: «Пушкин актёрбу же баяндоочубу (нарратор)...? Кыргыздардын дүйнөлүк театрынын эки модели, ошондой эле башка көптөгөн нерселер жөнүндө...», «Советбек Жумадыловдун эки тагдыры», «Кыргыз театрынын тарыхы» (2019), «Кыргыз театры» (Кыргыз театрынын байыркы мезгилден азыркыга чейинки тарыхы, 2017), «Режиссер Бообек Ибраев» (2015), «Манас – кыргыз элинин эпикалык театры» («Ала-Тоо» гезитинин атайын санында басылган, 1995), «Кыргыз эпикалык театры» жана «Театр дүйнөсүндө» китептери (1987).

Чыгармачылыгы

Ж. Кулмамбетовдун өзүнүн эскерүүлөрүнө караганда, ал 6-классында эле театралдык сценаларды жазууда күчүн сынай баштаган. Драматург катары олуттуу иши студенттик жылдарында башталган. «Уурдалган от» аттуу биринчи пьесасы 1976-жылы Кыргызстандын республикалык радиосу аркылуу берилип, кийин Кыргыз ССР Мамлекеттик куурчак театрында коюлган. Жалпысынан 70тен ашык драмалык чыгармаларды жазган. Ж. Кулмамбетовдун пьесалары Тажикстан, Армения мамлекеттеринде басылып чыгып, Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандын театрлары тарабынан ар дайым коюлуп жүрөт. Анын чыгармачылыгы пьесалардан тышкары роман, аңгеме жана сценарийлерди өзүнө камтыйт. Мольер (Жан-Батист Поклен), Оскар Уайлд, Сэмюэл Бекет, Сергей Найденов, Виктор Розов жана башка авторлордун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ж. Кулмамбетовдун чыгармачылыгынын борбордук ордун кыргыз тарыхынын инсандары – башкаруучу Курманжан датканын («Алай ханышасы»), элдик дастанчы Тыныбектин («Кагылайын, Манасым!»), актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын («Актриса тагдыры») Бакен Кыдыкееванын («Талант жана тагдыр»), жазуучу Чыңгыз Айтматов жана балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын («Чыңгыз менен Бүбүсайра») тагдырлары жөнүндө тема ээлейт. Бул пьесалардын акыркысы Ч. Айтматовдун өзүнүн өтүнүчү менен жазылган. «Манас, Манас болгондо...», «Чыңгыз хандын купуя сыры», «Жөн эле Майраш», «Чыңгыз менен Бүбүсайра», «Талант жана тагдыр», «Канат менен Зарина», «Аксыдагы атуу же Боспиектеги карантүн», «Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза – Саломея!» пьесалары, ошондой эле «Мекенимдин ташы», «Осмон менен Ольга», «Кагылайын, Манасым!» киносценарийлери кыргыз жана эл аралык сынактарда, фестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон. Жаныш Кулмамбетов режиссёр катары да иштеп, өзүнүн «Жайсаң», «Адеми» театрларында, ошондой эле Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында жана Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театрында бир катар спектаклдерин койгон. XXI кылымдын башынан бери «Америкалык келин», «Жапондук кыз», «Жапайы селки же тоолук кыз», «Курорттогу комедия», «Күйөө балам – суу ташуучу», «Кандуу сүйүү», «Чыңгыз жана Бүбүсайра», «Жараланган турналар», «Мен сага ишенем», «Токолдор тополоңу» сыяктуу жыйырмадан ашык көркөм жана даректүү тасма тарткан.

Драмалык чыгармалары

• 2020 – «Кандуу күн»

• 2019 – «Айдың көлдүн аңыздары»

• 2019 – «Алай жолборсу»

• 2018 – «Сурэчкинин каргышы»

• 2018 – «Түнкү кат»

• 2016 – «Осмон менен Ольга» (1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшү боюнча)

• 2015 – «Кагылайын, Манасым! – 2»

• 2015 – «Жапон кызы»

• 2014 – «Кыздардын өчү»

• 2014 – «Тоолук кыз»

• 2013 – «Америкалык келин»

• 2013 – «Бал ханышасы»

• 2012 – «Мекенимдин ташы»

• 2012 – «Мокочодон коркпо»

• 2012 – «Алтын кумара»

• 2012 – «Кызымдын ханзадасы»

• 2011 – «Үч бир тууган менен перизат»

• 2011 – «Кыз-жигит»

• 2011 – «Сыйкырчы жана ит»

• 2011 – «Боз бөрү жана улактар»

• 2011 – «Беш токол»

• 2011 – «Шахид аялдын тарыхы»

• 2011 – «Алай ханышасы»

• 2010 – «Ал шаардан келгенде»

• 2010 – «Тили каткан адам»

• 2010 – «Шамал, шамал жулба, ыйлатып»

• 2009 – «Сырдуу үңкүр»

• 2009 – «Көзкаман менен Көкчөкөз, же Чыккынчылар» («Манас» эпосу боюнча)

• 2008 – «Улуу тоонун онтоосу»

• 2007 – «Ааламат келген күн» (Оо, улуу Амэтерасу, Антигонду сакта!)

• 2007 – «Хан Жакып» («Манас» эпосу боюнча)

• 2008 – «Эсиңе кел, Жоломан!»

• 2008 – «Ипархан-Сян-Фэй»

• 2007 – «Жаза» (Эшафот)

• 2007 – «Күүгүмдөгү кишилер»

• 2007 – «Жаңы саякат»

• 2005 – «Эсенсиңби, есаул?!»

• 2007 – «Түштүктүк кыз»

• 2007 – «Курманбек» («Курманбек» кыргыз кенже эпосу боюнча)

• 2006 – «Аксыдагы атуу же Боспиектеги карантүн»

• 2006 – «Биз экөөбүз…»

• 2006 – «Ошол түнү»

• 2005 – «Канат менен Зарина»

• 2004 – «Талант жана тагдыр»

• 2003 – «Боз бөрү жана улактар» (эл жомокторунун негизинде)

• 2002 – «Өмүр бизден өтүп кетсе…»

• 2000 – «Чөл үстүндө ошол эски ыр калды»

• 2000 – «Кызыл топу» (Шарль Перро боюнча)

• 1998 – «Чыңгыз менен Бүбүсайра»

• 1996 – «Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза – Саломея!»

• 1994 – «Актрисанын тагдыры»

• 1993 – «Жөн эле Майраш»

• 1991 – «Кагылайын, Манасым!»

• 1990 – «Чыңгыз хандын купуя сыры»

• 1990 – «Умайдын кызы»

• 1988 – «Мунабия» (К. Акматов менен авторлош)

• 1988 – «Манас, Манас болгону…»

• 1987 – «Тарбия»

• 1986 – «Бечара менин жомогум»

• 1986 – «Бумеранг» (Бумеранг же бир кылмыштын тарыхы)

• 1984 – «Чардагыла, бакалар»

• 1983 – «Алп-бала»

• 1983 – «Ыйыгым менин – апакем»

• 1978 – «Мен сизге мышык алып келдим»

• 1979 – «Кереметтүү дүйнө»

• 1979 – «Көк кулун»

• 1978 – «Мамалак»

• 1978 – «Биздин Телибай»

• 1977 – «Корукчу»

• 1977 – «Манекендер»

• 1976 – «Жашасын, жомок!»

• 1976 – «Уурдалган от»

Прозалары

• 2005 – «Бейтааныш арбак»

• 1996 – «Генералдын кызы»

• 1992 – «Өтө коркунучтуу кылмышкер»

• 1991 – «Кандуу сүйүү»

• 1991 – «Жалгыз турна» Котормолору

• 2019 – «Бул жердин таңы бейкут» (Б. Васильев. А зори здесь тихие)

• 2015 – «Үйлөнүү тою» (А. Чехов. Свадьба)

• 2014 – «Өлүм» (Вуди Аллен. Смерть)

• 2010 – «Куру намыс» (Лутц Хюбнер. Дело чести)

• 2010 – «Крепптин акыркы тасмасы» (Сэмюэл Беккет. Последняя лента Креппа)

• 2010 – «Адам сатуу» (Түнкү көпөлөктөр), (Тажи Мухаммад. Бабочки)

• 2007 – «Чынгыз хандын ак булуту» (Ч. Айтматов. Белое облако Чингисхана)

• 2006–2010 – «Керемет көч» (Волшебная кочевка, 440 серия)

• 1993 – «Саломея» (Оскар Уйальд. Саломея)

• 1993 – «Кош жебе» (А. Володин. Две стрелы)

• 1992 – «Бөрү канчык» (Дж. Верга. Волчица)

• 1983 – «Кожоюн» (В. Розов. Хозяин)

• 1980 – «Эң амалкөй жомок» (А.Цуканов. Очень хитрая сказка)

• 1978 – «Ванюшиндин балдары» (С. А. Найденов. Дети Ванюшина)

• 1978 – «Скапендин жоруктары» (Ж. Б. Мольер. Плутни Скапена)

• 1978 – «Обу жок ойсокелер» (Ж. Б. Мольер. Смешные жеманицы)

• 1977 – «Эненин жүрөгү» (А. Балакаев. Сердце матери)

Коюлган спектаклдери

• 2016 – «Кошалактагы окуя» (Чүй драма театры)

• 2012 – «Мокочодон коркпо» (Адеми улуттар театры)

• 2011 – «Сыйкырчы жана ит» (Адеми улуттар театры)

• 2011 – «Алай ханышасы» (Чүй драма театры)

• 2010 – «Ал шаардан келгенде» (Адеми улуттар театры)

• 2010 – «Шамал, шамал жулба, ыйлатып» (Адеми улуттар театры)

• 2009 – «Менин сырым» (Адеми улуттар театры)

• 2008 – «Ипархан-Сян-Фэй» (Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театры)

• 2007 – «Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза!» (Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театры)

• 2007 – «Аксыдагы атуу же Боспиектеги карантүн» (Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театры)

• 2006 – «Ошол түнү» (Адеми улуттар театры)

• 2005 – «Чыңгыз менен Бүбүсайра» (Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театры)

• 2003 – «Кандуу сүйүү» (Адеми улуттар театры)

• 2002 – «Арык чапкандардын ыры» (Адеми улуттар театры)

• 1997 – «Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза — Саломея!» (Т. Абдумомунов атындагы улуттук академиялык театры)

• 1997 – «Анекдоттуу телефон» (Жайсаң театры) Фильмографиясы

• 2021 – «Сагындык: уламышка айланган өмүр» (даректүү тасма)

• 2021 – «Жаңыл Мырза»

• 2020 – «Сүймөнкул»

• 2019 – «Америкалык келин»

• 2018 – «Сен экөөбүз»

• 2016 – «Манастын бала чагы» (анимациялык тасма)

• 2015 – «Жапон кызы»

• 2015 – «Аиданын бийиктиги» (даректүү тасма)

• 2015 – «Кыздардын өчү»

• 2014 – «Жапайы селки»

• 2014 – «Коркунучтуу капчыгай»

• 2014 – «Бал ханышасы»

• 2013 – «Мырзабек Тойбаевдин жылдызы» (даректүү тасма)

• 2013 – «Курорттогу комедия же Омор менен Мирбектин окуялары»

• 2013 – «Камикадзе-психтер»

• 2013 – «Күйөө балам – суу ташуучу»

• 2012–2013 – «Жараланган турналар-2»

• 2012 – «Сенин тилиң – Манастын тили» (кыска метраждуу тасма))

• 2012 – «Адашкан кыздын качышы»

• 2012 – «Бейтааныш арбак»

• 2012 – «Мекенимдин ташы»

• 2012 – «Каргыш»

• 2012 – «Таня... Таня... Таттыбүбү»

• 2011 – «Кыз-жигит»

• 2011 – «Токолдор тополоңу»

• 2011 – «Мен сага ишенем»

• 2010 – «Жараланган турналар»

• 2010 – «Соң-Көлдөгү атуу»

• 2009 – «Кандуу сүйүү-2»

• 2009 – «Аксыдагы атуу же Боспиектеги карантүн»

• 2009 – «Үмүтүмдүн поезди»

• 2008 – «Чыңгыз менен Бүбүсайра»

• 2008 – «Ипархан-Сянь-Фей» (спектакль-тасма)

• 2008 – «Осмон менен Ольга»

• 2007 – «Кандуу сүйүү»

• 2002 – «Өтө коркунучтуу кылмышкер»

Сыйлыктары

• Т. Абдумомунов атындагы сыйлыктын ээси (1993)

• «Манас – 1000» юбилейлик медалынын ээси (1995)

• А. Токомбаев атындагы сыйлыктын ээси (2007)

• Ч. Айтматов атындагы эл аралык академиясынын сыйлыгынын лауреаты (2008)

• «Азия-12» – Азиянын уламыштарынын, жомокторунун жана эпосторунун негизинде жазылган сценарийлердин жана пьесалардын эл аралык сынагында 1-орун

• С. Асанбеков атындагы сыйыктын лауреаты (2013)

• Үркүндүн 100 жылдыгына арналган республикалык пьесалар сынагынын жеңүүчүсү (2016)

• «Маданият тарыхы жылынын» алкагында өткөрүлгөн республикалык пьесалар сынагынын жеңүүчүсү (2016)

• Республикалык пьесалар сынагынын жеңүүчүсү (2018)

• «Эргүү» улуттук театр сыйлыгынын төрт жолку лауреаты (2019)

• Республикалык «Жылдын мыкты сынчысы» сынактарынын бир нече жолку жеңүүчүсү