КОРНЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

КОРНЕТ, цинк (латынча corni – керней, мүйүз керней) – Францияда пайда болгон. Аны өркүндөткөндөн кийин почта чоору деп аташкан. Корнет жезден түтүгү ийилип жана түз жасалат. 7 көзөнөгү бар. Жалпы тулкусунун узундугу мүштөксүз 295-320 миллиметр. XIX кылымдын аягынан тартып опералык жана симфониялык оркестрлердин курамында ойноло баштайт. Кийинчерээк үйлөмө оркестрлердин башкы аспаптары катары негизги партияларды ойнойт, ошентип корнет туба музыкалык аспабын алмаштырат.