КАРНАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

КАРНАЙ (арабча кар – мүйүз, персче най –түтүк) – өзбек, тажик элдеринин байыркы үйлөмө музыкалык аспабы. Ошондой эле карнай ортоңку жана жакынкы Чыгыш калктарынан тараган. Жезден жасалат. Жалпы узундугу 2,5-3 миллиметр. Карнай негизинен аш-тойлордо, жоокердик ар кандай турмуштарда тартылган. Карнай айрым убакта эл аспаптар оркестрине да кошулуп аткарылат.