КАЛАБРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

КАЛАБРИЯ– тарыхый жана aдминистративдик аймак. Италиянын түштүгүндө жайгашкан. Аймак Калабрия уруусунун атынан коюлган. Антикалык коомдо Калабрия азыркы Апулиянын түштүк-чыгышындагы түшүмдүү жарым арал деп аталган. Б. з. ч. 8-кылымда гректер Калабрияны колониялаштыра баштаган. Калабрияга отурукташтыруу негизинен грек колониясы Тарент тарабынан жүргүзүлгөн. Б. з. ч. 272-жылы Калабрияны римдиктер басып алган. Август мезгилинен Калабрия Апулия менен бирге Италиянын 2-аймагын, ал эми Диоклетиан реформасынан кийин Калабрия Италия епархиясынын провинциясын түзгөн. Б. з. 6-кылымынын ортосунан Византиянын бийлиги астында. 7-кылымдын аягында антикалык Калабриянын айрым жерлерин лангобарддар басып алгандан кийин Калабриянын аты бруттий уруулары жашаган Апеннин жарым аралынын түштүк-батыш аймагындагы байыркы Бруттийге берилген. 1130-жылы Сицилия, 1282-жылы Неаполитан королдуктарынын, 1504-жылы Сицилия кош королдугунун (Түштүк Европадагы мамлекет, Сицилия аралы менен Апеннин жарым аралынын түштүк бөлүгү бириккен), 1860-жылы Сардиния королдуктарынын курамына кирген.1871-жылдан Италияга бириккен. 1947-жылдан Калабрия Козенца, Кротон, Катандзаро, Реджо-ди-Калабрия, Вибо-Валентия провинцияларын камтыган административдик аймак (негизги шаары - Катандзаро).