КАЙРУУ кайрык

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

КАЙРУУ, кайрык – күүнүн сюжеттик өнүгүшүндөгү улам кайталануучу туруктуу мотив. Кыргыз эл күүлөрүнүн бир түрү. Комузда, кыл кыякта, ооз комузда аткарылат. Алардын жалпы түзүлүшү (курулушу) жагынан ачык-айкын, кайруулары чакан, профессионал музыкадагы аспаптык вариацияларга окшош. Күүнүн тчки өнүгүшүнө негиз болуучу бөлүмдүн улам кайталанып чертилишине, аткаруу ыктарына, мазмунуна жараша «Кош кайрык», «Салтанаттуу кайрык» өндүү түрлөргө бөлүнөт. Кайруунун айрымдары нотага түшүрүлүп, аспаптар үчүн иштелип чыккан. Кээ бир кайруу кыргыз музыкасынын жана күүлөрүнүн антологиясына кирген.