КАДЕНЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

КАДЕНЦИЯ, каданс (италянча cadanta – түшүү, бүтүү) – 1. музыкалык чыгарманы же анын бөлүгүнүн түзүлүшүн аяктаган гармониялуу же обондуу кайрык. Каденциянын негизин аспаптык концерттин жеке аткарылган жана кандайдыр музыкалык чыгарманын ичине кирген кубултмалуу мүнөздөгү эркин төкмөчүлүк түзөт. Адегенде каденция кубулта ойноочулардын чыгармаларына кошумча катары киргизилсе, Бетховенден баштап композиторлор өз чыгармаларында каденциянын так өзүн берген. Каденция фортепьяно, скрипка жана башка аспаптар үчүн жазылган чыгармаларда жолугат.