КАВАТИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

КАВАТИНА (италянча cavatina – алуу) – лирикалык баяндама түрүндөгү чакан ария; обону жөнөкөй, ыргактуу, кыялкеч маанайда ырдалат. Мисалы, Римский-Корсаковдун «Аяз кызындагы» Берендейдин каватинасы. Ал эми Глинканын «Руслан менен Людмила» операсындагы Людмиланын каватинасы формасы жагынан таталыраак. Кээде обондуу аспаптык чакан пьеса да каватина деп аталат.