КАВАЛ үйлөмө музыкалык аспап
Jump to navigation
Jump to search
КАВАЛ (болгарча кавал, албанча kavall, румынча caval – флейта) – болгар, албан, румын, молдаван элдерине кеңири тараган үйлөмө, 6-8 көзөнөктүү музыкалык аспап. Анын бир түрү жыгачтан жасалган флейта. Узундугу 500дөн 900 миллиметрге чейин. Жеке, ансамблге, эл аспаптар оркестрине кошулуп аткарылат. Диапазону 2,5 октаваны түзөт.