ИСРАИЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИСРАИЛОВ Улан Жумабекович (10. 19. 1973-жылы туулган, Фрунзе шаары) – милициянын генерал-майору (2017). 1995-жылы СССР ИИМдин Омск жогорку мектебин бүтүргөн. 1995–99-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө оперуполномочен, 2004–05-жылдары КР ИИМдин ДССУнун милиция полкунда взвод командири, 2005-жылы КР ИИМдин ДССУнун милиция полкунда батальондун коопсуздук боюнча инспектору, 2005–08-жылдары КР ИИМдин шаардык ички иштер бөлүмүндө полктун атайын ротасынын коопсуздук боюнча инспектору. 2008-жылы КР ИИМдин ГУГСКОнун милиция полкунун атайын ротасынын командиринин орун басары, КР ИИМдин ГУГСКОнун тейлөө бөлүмүнүн инспектору, 2011–13-жылдары КР УКМКнын 9-кызматынын контракттык кызматкери, 2013–14-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы, 2014–16 жылдары КР ИИМдин 7-(жашыруун) башкармалыгынын начальниги, 2016-жылы КР УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору, 2016–18-жылдары КРдин Ички иштер министри болуп иштеген.