ИСАКОВ Мухтарбек Бакбурович
ИСАКОВ Мухтарбек Бакбурович (1965-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы) – медицина илимдеринин доктору (2015). И. К. Ахунбаев атындагы КММИни (1988), КЭУну бүтүргөн (1999). Эмгек жолун Бишкектеги № 2 төрөт үйүндө анестизиолог-ревматолог врачы болуп баштаган. Иран Ислам Республикасында анестизиолог-ревматолог врач; КР Өкмөтүнө караштуу Бишкек аймактык милдеттүү медицина камсыздандыруу башкармалыгында башкы адис, врач-эксперт; КР Саламаттык сактоо министрлигинин УХБда башкы врачтын орун басары, улук илимий кызматкер; КР Өкмөтүнө караштуу Бишкек аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу башкармалыгында директордун орун басары; И. К Ахунбаев атындагы КММИде окуу борборунун башчысы, Клиникалык ыкмаларды жана өндүрүштүк практиканы өөрчүтүү борборунун директору. Бардыгы 53 илимий эмгектери, анын ичинде1 монография, 1 окуу-методикалык курал, 6 методикалык сунуштардын, 1 ойлоп табуу патентинин автору. Эмг.: Проблемы подоготовки экспертов для оценивания организаций здравоохранения // Центрально-Азиатский научно-практический журнал по общественному здравоохранению. -Алматы, 2012.–№ 2.–С. 20–23.