ИОНДУК БАЙЛАНЫШ
ИОНДУК БАЙЛАНЫШ , э л е к т р-в а л е н тт и к б а й л а н ы ш – хим. байланыштардын бир түрү. Ал карама-каршы заряддалган иондордун электр-статикалык өз ара аракеттенүүсүнө негизделген. Мындай байланыш жегич металлдардын галогениддеринде даана байкалат, мис., КF. Элементтердин мезгилдик системасында топтор жакындаган сайын И. б-тын күчү азаят. Мис., NaClго караганда АlCl3тө И. б-тын күчү аз. И. б-тын мейкиндикте белгилүү бир багыты болбойт, анткени ар бир иондун тегерегинде багыттар б-ча кулондук бирдей күчтөр таасир этет. Карама-каршы заряддуу эки ион өз ара аракеттенишсе, алар бири биринин заряддарынын күчтүк талааларын толук канааттандырбайт, себеби ар бир ион башка багыттар б-ча да карама-каршы заряддуу иондор м-н аракеттенишет. Демек, И. б. каныкпастыгы м-н мүнөздөлөт. Кристаллда ар бир ион карама-каршы заряддуу иондордун максималдуу санынын курчоосунда болот. Мис., NaCl кристаллында натрий ионунун тегерегинде хлордун алты иону жайгашышат. И. б-тагы бирикмелер уюлдуу эриткичтерде жакшы эрийт, диссоциацияланат, электр агымын жакшы өткөрүп, электролизденет.