ИОАНН ПАВЕЛ
ИОА́НН ПА́ВЕЛ II, К а р о л ь Ю з е ф В о йт ы л а (18. 5. 1920, Польша, Вадовище ш.– 2. 4. 2005, Рим) – 264-шайланган Рим папасы (1978–2005), саясий ж-а коомдук ишмер. 1958-ж. Краков епископу, 1964-ж. архиепископу ж-а митрополити. 1967-ж. кардинал наамын алган. 1523-жылдан бери италян эмес улуттан Рим папасы болгон биринчи киши. Марцин Вадовите атн. гимназияны бүткөндөн (1938) кийин, Краков ш-ндагы Ягелон ун-тинин философия ф-тине тапшырган. 2-дүйнөлүк согушта Польшаны немистер басып алганда ун-т жабылып калган. Ал жашырын иштеген Рапсодия театрын уюш-
туруунун демилгечилеринен актёр ж-а режиссёр, о. эле шахтада, «Солвей» концернинин хим. өндүрүштүк мекемесинде жумушчу болуп иштеп, дин семинариясына катышып турган. Кийин Рим, Швейцария ж-а Бельгия ун-ттеринин философия ф-тинде окуган. 1948-ж. өз мекенине кайтып келип, Краков, Католикалык ун-ттеринде иштеп, теология илимд. доктору наамына ээ болгон. Философия ж-а теология илимдери б-ча көптөгөн эмгектердин автору. Ал ар түрдүү диндеги мамлекеттердин тынчтыкта жанаша жашоосуна, дүйнөлүк диндердин ж-а алардын тармактарынын өз ара жакындашуусуна зор салым кошкон. Рим папаларынын арасынан биринчи болуп чиркөөлөргө ж-а мечиттерге расмий жолугушууларга барган.