ИНЦЕСТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНЦЕ́СТ (лат. incestum – кан аралашуу) – жа­кын туугандардын ортосундагы жыныстык бай­ланыш. Ал алгачкы коомдун баштапкы мезгил­дерине мүнөздүү болгон, урук-уруу пайда бол­гон мезгилде экзогамия аркылуу жоюлган. И. жаңы муундун начарлашына, тукумдун бузу­лушуна алып келген. Ошондуктан, ага тыюу салуу адам мад-тынын калыптануусунда зор роль ойногон.