ИНФУЗОРИЯЛАР
ИНФУЗОРИЯЛАР (Infusoria же Ciliophora) – жөнөкөйлөрдүн тиби же типчеси. Дене уз. 10 мкмден 3 ммге жетет, түрдүү формада кирпикчелер м-н капталган. Жалгыздан кыймылдуу же бир нерсеге жабышып жашайт, чанда колониялуу. Ооз тешикчеси анча терең эмес чуңкурчада жайгашкан. Оозу кулкунга уланат да тамак сиңирүү вакуолдор м-н байланышат. Сиңирбеген азыктын калдыктары атайын жылчыкча (порошица) аркылуу сыртка чыгарылат. И-дын ядросу (макронуклид) ж-а ядрочосу (микронуклид) болот. Ядросу зат алмашуу процессин тейлейт. Ядрочосу болсо жыныстык жол м-н көбөйүүгө катышат. Жыйрылуучу вакуолдору радиалдуу жайгашкан түтүкчөлөр м-н курчалган. Зат алмашууда иштелип чыккан акыркы заттар түтүкчөлөр аркылуу чогулуп, вакуол жыйрылган-
да сыртка бүркүлүп чыгарылат. Көбөйүүсү ыңгайлуу шартта туурасынан бөлүнүп, жыныссыз жол м-н жүрөт. Чөйрөнүн шарттары татаалдаганда эки особь бир бирине жакындашып, ооздорунун ортосундагы цитоплазмалык көпүрө аркылуу ядрочосунун бир бөлүкчөлөрү м-н алмашат, б. а. жыныс жолу м-н да көбөйөт. Жагымсыз шартта көбү циста пайда кылат. 2 классы (кирпиктүү ж-а соргуч), 400дөй уруусу деңиздерде, тузсуз ж-а мала туздуу сууларда жашайт. Бактериялар, балырлар ж-а жөнөкөйлөр м-н азыктанат. Көпчүлүк И. комменсалдар, башка жаныбарлардын (балык, жерде-сууда жашоочулар, сүт эмүүчүлөр) митеси. Айрымдары балык
ж-а адамдын оорусун пайда кылат. Алар ген., цитол. ж. б. изилдөөлөрдө кеңири колдонулат.