ИНФРАСТРУКТУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНФРАСТРУКТУ́РА (лат. infra – төмөн‚ астын­да ж-а structura – курулма‚ жайгашуу) термин 20-к-дын 40-жылдарынын аягында экон. ад-тта ө. ж. ж-а айыл чарба өндүрүшүн (жол‚ канал‚ порт‚ көпүрө‚ аэродром‚ кампаларды куруу‚ энер­гетика чарбасы‚ т. ж. транспорту‚ байланыш‚ суу м-н жабдуу ж-а канализация‚ жалпы ж-а кесиптик билим берүү‚ илимге‚ саламаттык сак­тоого чыгымдар ж. б.) тейлөөчү экономика тар­мактарын белгилөө үчүн пайда болгон. И. түр­лөрү: 1) түздөн-түз материалдык өндүрүштү (транс­порттун бардык түрү‚ байланыш‚ электр линия­сы‚ суу м-н камсыз кылуу ж. б.) тейлөөчү тар­макты камтыган өндүрүштүк И.; 2) социалдык И., соода‚ турак жай коммуналдык чарбасы‚ са­ламаттык сактоо ж-а билим берүү тармагы‚ тур­муш-тиричилик жактан тейлөө ишканалары ж. б. материалдык эмес өндүрүш тармактары ки­рет; 3) рынок механизминин иштөөсүн камсыз кылуучу материалдык‚ технол. ж. б. мүнөздөгү субъектилерди камтуучу рыноктук И.; 4) комп­лекстерди аймактык тейлөөчү ж-а алардын ры­нок коньюнктурасынын өзгөрүшүнө, ыңгай­лашуусуна өбөлгө болуучу товардык‚ сырьёлук‚ эмгектик‚ финансылык инвестициялык‚ маалы­маттык ресурстарды ички эркин ж-а аймак ара­лык которуштурууну камсыз кылуучу‚ уюшту­руу-экон. системаны камтыган аймактык И.


Ад.: Кузнецова А. И. Инфраструктура. Геоэкономи­ческий подход. М., 2007.