ИНФРАКЫЗЫЛ НУРЛАНУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНФРАКЫЗЫЛ НУРЛАНУУ , и н ф р а к ы­з ы л н у р – электр-магниттик нурлануунун бир бөлүмү. Анын толкун уз. (l) 0,74 мкмден 1 ммге чейин. И. н-ну 1800-ж. англ. илимпоз В. Гершель ачкан. Бул нур жарыктын кызыл нурунан (0,74 мкм) кийин турат ж-а көзгө көрүнбөйт. Мис., Күндүн нурлануу энергиясы­нын 50%и, ал эми кызытма лампанын 95%ке жакыны И. н. болуп эсептелет. И. н-нун спек­три аны пайда кылган булактын табиятына жараша с ы з ы к т у у, т и л к е л ү ү же т у­т а ш болот. Дүүлүккөн атом же ион сызыктуу спектрди, ал эми термелүү ж-а айлануу кыймы­лындагы дүүлүккөн молекулалар тилке тү­рүндөгү спектрди пайда кылат. Кызытылган ка­туу ж-а суюк заттар туташ спектр, ал эми төмөнкү темп-радагы (делген. Алар ил. из-дө, техникада ж-а медици­нада колдонулат.