ИНФЛЯЦИЯНЫН СЕБЕПТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНФЛЯЦИЯНЫН СЕБЕПТЕРИ – инфляциянын келип чыгышын шарттаган себептер. Төмөнкүдөй негизги түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот: а) өн­дүрүштүк чыгымдардын – cыpьёгo, эл аралык товарларга баалардын өсүшүнүн жогорулашы, эмгек өндүрүмдүүлүгүнө салыштырмалуу кызмат акынын бузуу м-н өсүшү, финансылык мүнөздөгү чыгымдардын көбөйүшү. Мындай жогорулоо учу­рунда ишкер пайда алууну камсыз кылуу мак­сатында бул жогорулоону продукциянын нар­кына кошууга аракеттенет, жогорулоону бай­каган ишкерлер да чыгымдардын ушул эле жо­луна түшөт, бул чыгымдардын өсүшүнө алып келет. Мындай болбосо конкуренция (атаан­даштык) бир ишкана жүзөгө ашырууга ниеттен­ген бааларды жогорулатуу үчүн кедерги болуп эсептелет. Чет өлкөлүк өндүрүш продукциясы­нын конкуренциясы ушундай эле роль ойнойт; в) суроо-талаптын көптүгү. Сунуш м-н суроо­талаптын ортосунда айырма чыгышы мүмкүн. Суроо-талап өндүрүштүн көлөмүнөн ашып кет­кен учурларда (мис., экспансиялык кредиттик­акча же бюджеттик-салык саясатын жүргүзүүнүн натыйжасында), сатуучулар суроо-талапты төмөндөтүүгө же башка өндүрүүчүлөрдүн продук­циясына суроо-талапты жүгүртүүгө жардам берүү тобокелдигисиз бааларды көбөйтө алышат. Чет өлкөлүк өндүрүштүн продукциясы тараптан кон­куренциянын болушу – жогорулатуудагы жал­гыз чектөө. Мындай конкуренция байкалбаган тармактарда (турак жай фондусу, кызмат көрсөтүүлөр) баалардын жогорулашЫ олуттуу болушу мүмкүн; c) монополиялык баа түзүү мо­нополиялык пайдалардын өсүшүнө ж-а пайда­лардын инфляциясына алып келет. Бул себеп­тер Кейнс мектеби тарабынан байкалган. Инф­ляциянын таралышынын монетардык модели аны акча массасын түзүүнүн ашыкча болушу­нан издейт; d) Акча массасын түзүүдөгү ашык­чалык. Акчалардын сандык теориясынын тең­демесине кайрылалы: М* V=P*Y, бул теңдеменин темптик жазуусу төмөнкүдөй түрдө көрүнөт: M,%+V,% =Р,%+ Ү,%; мында: М – акча массасы; V – акчаларды жү­гүртүү тездиги (ылдамдыгы); Р*Ү – улуттун ки­решесинин көрсөткүчү.
М,% – акча сунушунун өсүшү, % м-н; V,% – акча жүгүртүү ылдамдыгынын өсүшү, % м-н; Р,%– баалардын өсүшү, % м-н; Ү,% – өндүрүш көлөмүнүн өсүшү, % м-н. Сандык теориянын теңдемесинен мындай тең­демени камсыз кылуу үчүн акчалардын масса­сы товарларды чыгаруунун өсүшүнүн даражасын­дай көбөйүшү керек экендиги көрүнүп турат. Андай болбосо, артык баш акча эмиссиясы көбүрөөк суроо-талапка, «Р» көрсөткүчүнүн өсү­шүнө, б. а. инфляцияга алып келет (монетарист­тер акчаларды жүгүртүү ылдамдыгы туруктуу деген көз карашты карманышат).