ИНФЛЯЦИЯ
ИНФЛЯ́ЦИЯ (англ. inflation) – акчанын жүгүртүү каналдарын эл чарбасынын реалдуу керектөөсүнөн ашыкча кагаз акча м-н толтуруу ж-а коомдук кайталап өндүрүү процессинин бузулушу м-н шартталган баасыздануусу. И. акча жүгүртүү мыйзамынын иштешинин бузулушун билдирет ж-а баанын ачык ж-а жашыруун өсүшүнөн көрүнөт. И. таралуу чөйрөсүнө жараша төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт; жергиликтүү (бир өлкөнүн ичиндеги), глобалдык (дүйнөлүк); мүнөзүнө жараша: гиперинфляция (айына 40%тен жогору), таскактаган (ыкчам ж-а секириктүү), жылма (жай темптеги), баскычтуу (бир кылка эмес), импорттолгон. И. ички ж-а тышкы себептерден улам пайда болот. Ички себептер: 1) өкмөттүк чыгымдардын өсүшүнө байланышкан мамл. бюджеттин тартыштыгы; 2) мамлекеттин өндүрүштүк эмес (өзгөчө аскердик) чыгымдарынын жогорку деңгээли; 3) экономиканы өнүктүрүүнүн циклдик мүнөзүнүн белгиси болуу м-н макрож-а микро деңгээлдердеги диспропорция (к. Экономикалык цикл). Тышкы себептер: 1) өз өлкөсүнүн чек арасын кесип
өтүп‚ башка өлкөлөргө экспорттолуучу товарларга ж-а кызмат көрсөтүүлөргө монополиялар тарабынан баанын кескин көтөрүлүшүнө түрткү болгон сырьёну‚ нефтини импорттоого баанын көп эсе өсүшү м-н коштолгон дүйнөлүк структуралык кризистер (сырьёлук‚ энергетикалык ж. б.); 2) улуттук валютаны чет өлкөлүк валютага банктардын алмаштыруусу кагаз акчанын кошумча эмиссиясына керектөөнү пайда кылып‚ акча жүгүртүү каналын толтурушу.
Ад.: Государственное регулирование рыночной экономики/ Отв. ред. В. И. Видяпин. М. 2002.