ИНФЕКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНФЕ́КЦИЯ (лат. inficio – зыян келтирем, жуктурам) – патогендүү (оору козгоочу) мите­нин адамдын же айбанаттын организмине ки­риши ж-а көбөйүшү. Организмге кирген И. коз­гогучу бир органда же тканда кармалат. Мис., эвол. процессте котур кенеси теринин эпителий катмарына, баш келте козгогучу кан тамыр кап­талына, грипп вирусу дем алуу жолдорунун былжырлуу челине мителик кылууга ыңгайлаш­кан. Организмге мите киргенде мите м-н орга­низм ортосунда И-лык процесс жүрөт. И-нын бул же тигил түрүнүн пайда болушу козгогуч­тун касиетине, организмдин абалына, ооруну кабыл алгычтыгына жараша болот. Патогендүү микроорганизмдердин кээ бирлери ар кандай жа­ныбарларды ылаңдатат, көбү жаныбардын ай­рым түрүнө гана мителик кылат. И. козгогуч­тун түрүнө жараша бактериялык, вирустук, мите козу карындык, риккетсиялык ж. б. болуп бөлүнөт. Ал катуу кармаган, өнөкөт же И. алып жүрүүчүлүк түрүндө билинет. И. булагы – оору­луу же козгогучту алып жүрүүчү организм. Иче­ги-карын ооруларынын (дизентерия, ич келте ж. б.) козгогучу заң, заара м-н бөлүнөт, тамак­аш м-н, дем алуу жолдорунун ооруларынын козгогучу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, дем алганда аба аркылуу жугат. Баш келте, безгек ж. б. ооруларда козгогуч мителик кыл­ган кан соруу курт-кумурска (бит, бүргө, чир­кей) аркылуу тарайт.

Д. Раимбеков.