ИНФАРКТ
ИНФА́РКТ (лат. intfarctus – шыкалган) – орган же ткандын артериялык кан жетпей калган бөлүгүнүн некрозго чалдыгуусу. Тромбоз, эмболия же ошол тканды азыктандыруучу артериянын тарышы, шишик басып калышы И-тын түздөн-түз себеби болуп эсептелет; И-та ткандардын өзгөрүүсүнө гипоксиянын да таасири чоң. И-тын ишемиялык, геморрагиялык ж. б. түрлөрү бар. Ишемиялык И-та некроз болгон жерге кан жетпей калса, геморрагиялык И-та ал жерге кан ашыкча толот. Ишемиялык И. жүрөк, бөйрөк, көк боордо, ал эми геморрагиялык И. өпкө, ичегиде болот. И. кургак (миокарддын И-ы) же нымдуу (мээнин И-ы) болушу мүмкүн.
Анда органдар абдан өзгөрөт: өлүк масса чогулуп, киста (мис., мээде) же тырык (мис., жүрөк булчуңунда) пайда болот. Алдын алууда ага себеп болуучу оорулардан сактануу керек.