ИНТРОСПЕКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНТРОСПЕ́КЦИЯ (лат. introspecto – ич жагы­на кароо) – өзүнө-өзү байкоо жүргүзүү, адамдын өзүнүн турмушун тескеген мыйзам ченемдүүлүк­төрдү аныктоо максатында ички дүйнөсүнө ж-а аң-сезимдүү психикалык турмуш-тиричилиги­не байкоо жүргүзүүсү. 19-к-дын 2-жарымында И. психологиядагы башкы методдордон болуп калды. Интроспекциялык психологияда И. ме­тодунун бир катар варианттары: 1) сабыркоо­жабыгууларды андан ары бөлүнбөс (майдалан­бас) «элементтерге» чейин муунактап бөлүүнү талап кылган аналитикалык И.; 2) өзүнө-өзү респроспекциялык эсеп берген ыкманы пайда­лануу м-н ойлоонун жүрүшүнүн баскычтарын байкоого алууга багытталган системалуу И-лоо; 3) гештальтпсихологиядагы өзү байкоо жүргү­зүүчү феноменол. метод. О. эле бул вариант ба­яндап жазма психологияда, гуманисттик пси­хологияда ж. б. да колдонулуп келген. Мын­дай көз караштар классикалык И. деген ата­лышка ээ болуу м-н кийинки ойчулдар тарабы­нан четке кагылып, мурдагыдай популярдуулу­гун жоготкон. 20-к-дын 20-жылдарындагы ин­троспекция окуусундагы карама-каршылыктар бир катар ил. жаңылыштыктар ж-а бурмалоо­лор м-н коштолгон. Ал эми 1940-ж. аң-сезим­дин маанисин четке каккан бихевиоризм окуу­су тарабынан «И.» термини ил. психологиядан сүрүлүп чыккан да, пайдаланылбай калган.