ИНТРОДУКЦИЯ 1

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНТРОДУ́КЦИЯ (лат. introductio киргизүү) – өсүмдүк же жаныбардын айрым бир түрлөрүн бир ареалдан башка ареалга көчүрүү, аларды атайын өстүрүү үчүн алып келүү. И-нын баш­тапкы этабы – акклиматизация. Сейрек кез­дешүүчү түрдү коргоо ж-а аңчылык фаунасын байытуу чарасы болуп саналат. КМШ өлкөлө­рүнүн аймагында жаныбарлардын 50дөн ашык промыселдик түрлөрү И-ланган. Ал эми реак­климатизациянын (кайсыл бир аймактагы жок болуп кетүү коркунучунда турган түрдү жасал­ма жол м-н калыбына келтирүү) жардамы м-н кундуз, кемчет, жапайы чочко, бугу, зубр ж. б. жапайы жаныбарлардын популяциялары калы­бына келтирилген. Кырг-ндын ар кайсы аймак­тарына балыктын 11 түрү [Ысык-Көл жилин­гири (форели), ладога майканаты, момун балык, ак амур, ак макоо балык, кара балык, чыгыш таран сымал балыгы, күмүштөй таман балык, балхаш ала бугасы, судак ж. б.], сүт эмүү­чүлөрдүн 10дон ашык түрү (жылан куйрук, суу­сар, жанат сымал ит, нутрия, зубр ж. б.) ар кандай шарттарга коё берилген. Кээ бирлери ил. жактан негизделбегендиктен, ишке ашкан эмес. Мис., бугу азыр Сары-Челек биосфералык кору­гунда жокко эсе, ал эми зубр таптакыр жок болду. КР УИАнын Э. Гареев атн. ботаника ба­гында дүйнөнүн көптөгөн материгинен дарак, бадал ж. б. кооз өсүмдүктөрдүн бир нече миңде­ген түрлөрү (мис., гингко, метасеквойа, агава, глициния) И-ланып, алардын ичинен жүзгө жа­кыны шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн гүлзарларда өстүрүлөт.

И. С. Содомбеков.