ИНТЕРПРЕТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕРПРЕТА́ЦИЯ (лат. interpretatio – чеч­мелөө, түшүндүрүү) – матем. логикада, филосо­фияда ж-а илимдин методологиясында кандай­дыр бир теориядагы элементтерге (формулалар­га, символдорго, сүйлөмдөргө ж. б.) берилген маа­ни-маңыздардын, чечмелөөлөрдүн ж-а түшүндү­рүүлөрдүн жыйындысы; герменевтикада И. деп тексттерди чечмелөө, алардын маани-маңызын аныктоо же калыбына келтирүү түшүндүрүлөт. Диний ыйык китептерге, ошондой эле байыр­кы грек философторунун чыгармаларына баян­дама, түшүндүрмө берүүнүн доору болуп санал­ган о. кылымдарда И-лоо өнөрү калыптанган ж-а өнүккөн. 20-к-дын экинчи жарымынан тар­тып герменевтика теориясына И-га карата струк­туралык-семиотикалык жоболор каршы чык­кан. Эгер герменевтика текстти реалдуу же по­тенциалдуу окурманга карата маалымат ката­ры И-ласа, структурализм текстти андагы маа­ни-маңыздык элементтердин структуралык шай­кештигин анализге тартуунун негизинде И-лайт. И-га карата герменевтикалык ж-а структура­листтик жоболорду бириктирүүгө карата аракет­тер Рикер тарабынан жасалган. Рикердин пи­кири б-ча тексттин маани-маңызын анын струк­турасын анализдебей туруп түшүнүү мүмкүн эмес, ошол эле учурда герменевтикалык түшүндүрмөсүз структуралык анализ жүргүзүүгө болбойт.